Connect with us

Новиков: «Кербен» аэропортун реконструкциялоо боюнча келишим түзүлдү

Кыска кабар | 27 Дек 2020 | 486 | 0

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков Жалал-Абад облусуна болгон жумушчу сапарынын жүрүшүндө узундугу 35 чакырымдан ашык Ала-Бука-Кировка жолун куруу, ошондой эле модернизациядан кийин эл аралык макамга ээ боло турган «Кербен» аэропортун реконструкциялоо жана кеңейтүү боюнча келишим түзүлгөндүгүн айтты.

«Долбоордун бардык деталдары жергиликтүү бийлик менен биргеликте иштелип чыгып, 2020-жылдын аягына чейин Кызматташтык жөнүндө Меморандумга кол коюлушу керек», — деди Артем Новиков.

Анын айтымында, бул чечимдер жергиликтүү тургундардын турмушуна оңдуу таасирин тийгизет. Тургундар реалдуу өзгөрүүлөрдү сезүүсү зарыл, анткени, бардык иш-аракеттер жергиликтүү калкты жумуш орундары менен камсыздоого багытталган. Себеби бүгүнкү күндө Өкмөттүн негизги милдети – калкты жумуштуулук менен камсыздоо.

Премьер-министрдин м.а. жергиликтүү бийлик органдарынын инвесторлорду жана жериликтүү калкты байланыштыруучу медиатор катары жоопкерчилигин баса белгиледи.

Copyright © 2017 Maral FM