Биз менен байланышыңыз

Новиков Баткен жана Ош облустарына иш сапар менен барат

Кыска кабар | 6 Дек 2020 | 770 | 0

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков 2020-жылдын 7-9-декабрында Баткен жана Ош облустарына иш сапар менен барат.

Өкмөттүн маалымат кызматы билдиргендей, Новиков иш сапардын алкагында өндүрүш объектилеринин иши менен таанышып, Исфана шаарындагы аэропорттун ачылыш аземине катышат жана Кадамжай шаарындагы оорукананын курулуш ишинин жүрүшүн көрөт. Ошондой эле 8-декабрда Өзбекстандын Фергана шаарындагы Өзбекстан менен Кыргызстандын чек аралаш жайгашкан облустарынын жетекчилери өткөрө турган жыйынга катышат.

Иш сапардын соңунда Артем Новиков «Иркештам» көзөмөл-өткөрмө жайынын иши менен таанышат.

Copyright © 2017 Maral FM