Connect with us

«Мугалим» журналы жыл жыйынтыгын чыгарды

Кыска кабар | 26 Дек 2020 | 816 | 0

Илимий-педагогикалык «Мугалим» журналы менен биргеликте Кыргызстан педагогдор коому жана Ж.Баласагын атындагы КУУнун педагогикалык факультети 2020-жылдын жыйынтыгы менен «Устатка таазим» иш-чарасын өткөрдү.

Жаңы жыл алдында мыкты мугалимдердин, окумуштуулардын аттары сыймык менен аталып, алар төш белги, ардак грамоталар менен сыйланды.Салтка айланган саамалыкка билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев, Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы, профессор Назаркул Ишекеев жана илим-билимге эмгек сиңирген эл мугалимдери катышты.

Эске сала кетсек,илимий-педагогикалык «Мугалим» журналы негизги иштеринен сырткары, мугалимдик кесиптин аброюн көтөрүү максатында ар дайым коомдук акцияларды, кароо-сынак, фестиваль жана жайкы лагерди уюштуруп, жогорку деңгээлде өткөрүп келе жатат.

Журнал 2014-жылдын март айынан баштап түстүү, сапаттуу, жылма кагазда чыгат.  2014-жылы декабрь айында биринчи жолу «Жылдын мыкты мугалими» республикалык сынагын өткөргөн. Ал конкурстун 3-этабынын элегинен өткөн мыктылардын мыктылары аныкталып, баш байгени ээлеген мугалим күмүш медаль менен сыйланган. Ошондон тарта жыл сайын белгиленип келет. Кийин бул сынак фестивалга айланып, жер-жерлерде «Мугалим – коомдун күзгүсү»  облустук туру өткөрүлүп, мыктылар тандалып, андан соң республикалык турга жолдомо алып келишет.

Сынактын  максаты —  чыгармачыл мугалимдерди табуу жана аларды жалпыга таанытуу менен аларды жаштарга үлгү катары көрсөтүү; өнөрлүү, таланттуу мугалимдерди колдоо, жаӊы кесиптештерди табууга,тажрыйба алмашууга көмөк көрсөтүү; республикадагы чыгармачыл мугалимдерди топтоо жана аларды «Мугалим»  илимий-педагогикалык журналынын «Таланттар» рубрикасына чагылдыруу; мугалимдик кесиптин ар тараптуулугун жана кызыктуулугун арттыруу менен бирге мугалимдик кесипти даӊазалоо, мугалимдердин аброюн, кадыр-баркын көтөрүү, улуу кесипке жаштарды тартуу жана кызыктыруу болуп саналат.

Ошондой эле жыл жыйынтыгында «Устатка таазим» иш-чарасын өткөрүп келишет. Бул жолку «Устатка таазим» иш-чарасынын максаты – жыл бою «Мугалим» журналынын беттеринде агартуу тармагынын чалкеш маселелерин байма-бай көтөрүп, атуулдук позициясын билдирген мыкты авторлорду тандоо жана сыйлоо.

Ал эми Республикалык «Мугалим» илимий-педагогикалык журналы мындан беш жыл мурда жарыкка чыккан болчу. Анын ачылышынын негизги максаты – жер-жерлердеги мугалимдерге методикалык жактан көмөк көрсөтүү, ошондой эле мектептерге алдыңкы иш тажрыйбаларды, билим берүүдөгү жаңычыл идеяларды жайылтууну көздөйт. Жалпы агартуу журтун педагогикалык, илимий жана практикалык жаңылыктар менен тааныштырып туруу максаты коюлган.  Мындан сырткары, элибизге билим берүү чөйрөсүндө эмгеги сиңген улуу инсандарыбыздын калтырган эмгектерин, өмүр жолун, ошондой эле педагогдор династиясы тууралуу кеңири маалыматтар берилип турат. Эгемендик жылдан бери Кыргызстанда бир дагы методикалык журнал негизделген эмес. Ошол себептен, педагогикалык коомчулук журналга муктаж болуп турган учурда «Мугалим» журналы жарык көргөн.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM