Connect with us

Эльвира Сурабалдиева мүмкүнчүлүгү чектелгендерди куттуктады

Кыска кабар | 26 Дек 2020 | 613 | 0

Вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиева жаңы жыл майрамы астында ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген пенсионерди жана баланы куттуктады.

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Эльвира Сурабалдиева ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген пенсионер Ольга Коркинанын жана 6 жашар Мирландын абалынан кабар алды.

Вице-премьер-министр Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан аларды келе жаткан жаңы жыл майрамы менен куттуктап, материалдык жардам берди.

«Социалдык аяр катмардагы жарандар мамлекеттин, социалдык жана медициналык кызматтардын өзгөчө көңүл буруусуна муктаж. Өкмөт өз кезегинде медициналык жана социалдык тейлөө сапатын жакшыртуу, тоскоолдуксуз чөйрө үчүн шарттарды түзүү үчүн күч-аракетин жумшайт», — деди Эльвира Сурабалдиева жана аларга чың ден-соолук жана бакубаттуулукту каалады.

Вице-премьер-министр мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарын жаңы жыл майрамы алдында аяр катмардагы жарандарга көңүл буруп, алардын абалынан кабар алууга чакырды.

Соңунда аталган жарандардын тийиштүү жардам алуусуна көмөк көрсөтүү боюнча бир катар тапшырмалар берилди.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM