Биз менен байланышыңыз

COVID-19: вирустун жаңы түрүн киргизбөө чарасы кабыл алынууда

Ден соолук , Кыска кабар | 26 Дек 2020 | 723 | 0

Өлкөгө covid-19 илдетинин жаңы түрүнүнүн киришине жол бербөө боюнча чаралар кабыл алынууда. Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, Республикалык ыкчам штаб тийиштүү коопсуздук чараларын камсыздоону тапшырды.

Тийиштүү мамлекеттик органдарга башка мамлекеттердин ыйгарым укуктуу органдары, анын ичинде түз транспорттук байланыштарга ээ болгон мамлекеттер менен коронавирус инфекциясынын жаңы штаммынын жайылышы, аны диагностикалоо жана дарылоо маселелери боюнча, ошондой эле ага өз учурунда жооп кайтаруу жана калктын коопсуздугун камсыздоо максатында тыгыз аракеттенүү зарылдыгы тапшырылды.

Чек араларда санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл жана башка коопсуздук чараларын көзөмөлдөө күчөтүлдү.

Республикалык штабдын кеңешмесинин жыйынтыгы боюнча, тармактык органдарга үстүбүздөгү жылдын соңуна чейин саламаттыкты сактоо мекемелериндеги медикаменттер жана тамак-аш боюнча кредитордук карыздарга жол бербөө жана аларды максималдуу жабуу максатында саламаттыкты сактоо уюмдарынын чыгымдарын оптималдаштыруу боюнча чараларды кабыл алуу тапшырылды.

 

Copyright © 2017 Maral FM