Биз менен байланышыңыз

Атамбаевдин Сооронбай Жээнбековго жазган каты тарады

Кыска кабар | 25 Дек 2020 | 5419 | 1

Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаевдин экс-президент Сооронбай Жээнбеков менен болгон достугу тууралуу жазган каты жарыяланды. Аны жактоочусу Замир Жоошев Фейсбуктагы баракчасына чыгарды.

Жактоочунун айтымында, Атамбаев гезиттен «Атамбаев Сооронбайдан өч алууну эңсейт экен» деген маалыматтарды окуп калып, бул боюнча төмөнкүдөй оюн айткан.

«Кээ бирде көчөдө басып баратып, байкабай бок-сак тепселеп аласың. Анан эптеп таманыңды жолго сүртүп алып, ары басып кетесиң. Мен үчүн «Соке дос» өмүр жолумда жолуккан ошондой бир ыплас нерсе. Ага убакыт коротуштун эми кажети жок. Өмүрдү жакшы нерселерге арноо керек. Аны ансыз деле мезгил да, Кудай да жазалайт. «Соке дос» тарыхта саткынчылыкты, эки жүздүүлүктү, уурулукту норма кылган сасык бир саясатчы катары калат. Азыртадан эле эл арасында «Кудай Сокедей достон сактасын» деген сөз айтылып калды. Мындан жаман жаза ал үчүн да, урпактары үчүн да жок».

1 пикир

1 пикир

  1. Кыйналган Эл уну

    26.12.2020 11:19

    Алмазбек деген атына заты жарашпаган сассык ооз,маданияты ото томон жалжак адамды кантип Эл башчы кылып шайлап 5 жыл бою кошуна олколорго уят кылып,оз элин тоноп,уурдап ошол уурулугун жаап жашырып досуна жамынып кой терисин кийген карышкырдай болуп кылмышын уланта берем деп ойлогон,ою жакшы эле ишке ашып баштаганда Казакстанда отуучу жолугушууга Сапар Исаковду жиберип Сооронбайды каттуу капа кылган, мен атын очкур Атамбаев турмодо отуруп жазасын алсын деп ойлойм,мамлекет бударды жон эле бага бербестен иштетиш керек, суукка тондуруп, ыссыка куйдуруп,жеген акчаларды кустуруш керек,уй мулкун, ээлеп алган жерлерин, мекемелерин кайтарып алыш керек, карызга белчесинен батырып Элди кыйнап, уятсыз ары жок Атамбаев

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM