Спортту өнүктүрүүгө кошкон салымдары үчүн күрөш боюнча машыктыруучулар сыйланды. Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигине караштуу Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын жетекчиси Жоомарт Шамканов 24-декабрда сыйлыктарды тапшырды.
«Кыргыз Республикасынын дене тарбия жана спортунун отличниги» наамы төмөнкү адамдарга берилди:
- Азат Эркимбаев, грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу;
- Улукбек Карачолоков грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама команданын ага машыктыруучусу;
- Арсен Эралиев, грек-рим күрөшү боюнча ага машыктыруучу (U-23);
- Исламбек Тазабеков, эркин күрөш боюнча ага машыктыруучу (U-23);
- Айбек Монолов, күрөш федерациясынын вице-президенти;
- Ахрор Иминов, күрөш федерациясынын вице-президенти.
Ошондой эле, кадеттер арасындагы кыз-келиндер күрөшү боюнча ага машыктыруучу Үсөналы Рыскулов, өспүрүмдөр арасындагы эркин күрөш боюнча ага машыктыруучу Нурдин Донбаев агенттиктин Ардак грамотасы менен сыйланышты.