Биз менен байланышыңыз

Казакстан эпидкырдаал боюнча «сары» зонага өттү

Дүйнө , Кыска кабар | 25 Дек 2020 | 942 | 0

Казакстан эпидемиологиялык кырдаалга ылайык, коронавирустун жайылуусу боюнча «жашыл» аймактан «сары» аймакка өттү. «Жашыл» аймак — бул коронавирус катталбаган, катталса да аз учур аныкталган аймак болуп саналат. «Сары» аймак болсо, кырдаал курчуп чектөөлөр киргизиле баштаган аймак. Ал эми «кызыл» зона — коронавирустун жайылуусу көп катталып, катаал карантин жарыяланган аймакка кирет.

25-декабрдагы абал боюнча Атырау облусу «кызыл» зонада деп табылган. «Сары» зонада болсо — Алматы, Нур-Султан, Костанай, Акмола, Түндүк-Казакстан жана Павлодар облустары бар.

25-декабрдан 5-январга чейин Алматы шаарында чакыруулар боюнча иш жүргүзгөн агенттиктердин жумушу токтогондуктан, жылдагыдай Аяз ата менен Аяз кызды чакырууга, ошондой эле бардык мекемелерде жаңы жылдык иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынат.

«Сарыга» кирбеген калган аймактар «жашыл» зонада. Жалпы өлкө боюнча алып караганда Казакстан «сары» зонада деп табылган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM