Биз менен байланышыңыз

Москвада өткөн ММА мушкерлеринин беттеши массалык мушташка айланды

Дүйнө , Кыска кабар , Спорт | 25 Дек 2020 | 16379 | 0

Москва шаарында өткөн аралаш уруш боюнча турнирде (AMC Fight Nights Global Winter Cup) мушкерлер тажикстандык Нурулло Алиев менен орусиялык Александр Гребневдин беттешинин соңу массалык мушташ менен аяктады. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазды.

Беттеш калыстардын чечими менен Тажикстандын мушкеринин пайдасына аяктаган соң, Гребнев залдагыларга кайрылуу жасап жаткан маалда октагонго Владимир Минеев пайда болуп, келекелеген тон менен Магомед Исмаиловду чакырып, андан реванштык беттеш качан болорун сураган. Ортого кирип келген Исмаилов менен Минеевдин кайым айтышуусу бири-бирине сокку узатуу менен уланып, соңунда массалык мушташка айланып кеткен.

Мушташты күч органынын кызматкерлери токтотуп, Минеев менен Исмаиловду полиция бөлүмүнө суракка алып кетишкен. Маалым болгондой, эки мушкер тең арыз жазуудан, ошондой эле медициналык жардам алуудан баш тартышкан.

Исмаилов менен Минеев буга чейин 2018-жылы октябрда өткөн турнирде беттешип, тең чыгуу менен жыйынтыкталган болчу.

34 жаштагы Исмаилов карьерасында 17 ирет жеңишке жетишсе, 2 жолу утулуп, 1 беттеши тең чыгуу менен аяктаган. Ал эми 30 жаштагы Минеев карьерасында 14 жолу жеңишке жетишип, 1 ирет жеңилүү ызасын тартса, 1 беттеши тең чыгуу менен жыйынтыкталган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM