Биз менен байланышыңыз

Кечирим сураган дарыгер иштен кетүүнү ойлонуп жатканын айтты

Кыска кабар | 25 Дек 2020 | 610 | 0

Ысык-Ата райондук ооруканасынын дарыгери Бектур Апышев пандемия башталган учурда дарыгерлер үчүн коронавирустан коргонуучу каражаттар жетишсиз болуп жатканын айтып чыккан.

Кийин бул билдирүүсү үчүн кайра кечирим сурап, беткап менен «оозун жаап алган». Ошондон кийин коомчулукта дарыгерлерге эмес, күч органдарына карата сын-пикир күчөп, Бектурду колдогондор көбөйгөн.

Ошол дарыгер Бектур Апышев «Твиттердеги» баракчасына Кыргызстанда дарыгер болуп иштөө кыйын экенин, иштен кетүүнү ойлонуп жатканын жазды.

«Мамлекет сенден баарын талап кылган, сен эч нерсе ала албаган акыйкатсыз системага аралашып кете албадым. Менин оюмча, башка дарыгерлер да мени менен макул болсо керек», — деп жазды ал.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM