Биз менен байланышыңыз

УКМК бүгүнтөн тарта күчөтүлгөн тартипте иштейт

Кыска кабар | 25 Дек 2020 | 691 | 0
2020-жылдын 7-октябры. Күч түзүмдөрүнүн өздүк курамы чогулган учур

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети 25-декабрдан 2021-жылдын 15-январына чейин мамлекеттик чек араны кайтаруу жана коргоо боюнча күчөтүлгөн тартипте иштейт.

УКМКга мындай тапшырма Коопсуздук кеңешинин 24-декабрындагы жыйынында айтылды.

Мамлекеттик чек ара аркылуу кирүү-чыгуу каналдарына көзөмөл күчөтүлөт. Ар кандай жаңжал чыкпашы үчүн чек ара аймактарындагы элге түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт.

Мындан тышкары, Ички иштер министрлиги менен биргеликте коомдук коопсуздукту камсыз кылуу боюнча ыкчам штаб түзүлөт.

Ал бюллетендерди шайлоо участкаларына жеткирүү жана аларды күнү-түнү кайтарууга милдеттүү. Добуш сатып алуу фактылары аныкталып, ага катышкан адамдарды жоопкерчиликке тартуу керек.

Мындан тышкары, трансулуттук, диний-экстремисттик жана террордук уюмдардын аракеттерине ыкчам чара көрүү, стратегиялык объектилерди кайтаруу боюнча алдын алуу иш-чараларын жүргүзүү милдети коюлган.

Кыргызстанда 2021-жылдын 10-январында кезексиз президенттик шайлоо өтөт. Учурда шайлоо алдындагы үгүт иштери жүрүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM