Биз менен байланышыңыз

Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү азаюуда

Кыска кабар | 25 Дек 2020 | 396 | 0

Бүгүн, 25-декбарга карата Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 12 млрд 575 млн куб метрди түзөт. Бул тууралуу «Электр станциялары» ишканасынын басма сөз кызматы тараткан маалыматта айтылат.

Учурда секундасына 162 куб метр суу агып кирип, 721 куб метр суу агып чыгууда.

Быйыл Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү бир топ азайды. Эки күн мурун 12 млрд 676 куб метр бар эле.

Ал эми сентябрь айынын башында суу сактагычтагы суунун көлөмү 15 млрд 24 млн куб метр болчу.

Суу сактагычка суу Нарын дарыясынын жогорку агымындагы мөңгүлөрдүн эриген көлөмүнө жараша толот. Суунун агып келүүсүнүн активдүү мезгили май айынан сентябрдын ортосуна чейинки убакыт эсептелет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM