Биз менен байланышыңыз

«Өндүрүштүк калдыктарды өрттөө боюнча рейд жүрүүдө»

Кыска кабар , Пикирлер | 25 Дек 2020 | 367 | 0

Өндүрүштүк калдыктарды өрттөө боюнча Бишкектин ар бир районунда жумасына 2 жолу рейд жүрөт. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын санитардык-экологиялык инспекциясынын башкы адиси Касым Керимов «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, жаңы конуштарда өндүрүштүк калдыктарды өрттөө фактылары өткөн жылдарга салыштырмалуу аз катталууда.

«Бүгүнкү күндө рейд жүргүзүп, жеке жана юридикалык тараптарды текшерип, кездемелердин калдыктарын, дөңгөлөк өрттөө фактылары катталган учурларда мыйзамда каралган талаптарга ылайык протокол түзүлүп жатат. Быйыл айып пулдун эсеби көп болгондуктан, өткөн жылдарга салыштырмалуу эл мыйзам бузууларга барбай эле», — дейт Керимов.

Ал белгилегендей, Казакстандын көмүрүн жакканда мордон кара түтүн жана жыт чыгып турат. Аны көргөн жарандар арызданып, инспекцияга кайрылышат. Ал эми текшерүү учурунда көмүр жагылганы аныкталат.

Керимов жылытуу системаларын газга өткөрүүнү сунуштады.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM