Биз менен байланышыңыз

Грек-рим күрөшү боюнча өлкө чемпиону Роман Царев улуттук курамадан чыгарылды

Кыска кабар , Спорт | 24 Дек 2020 | 11260 | 0

Кыргыз Республикасынын грек-рим күрөшү боюнча курама командасынын мүчөсү Роман Царев улуттук кураманын катарынан чыгарылды. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ал «Спортчунун этикасы» кодексинин 5-бөлүмүнүн 15-пунктунун негизинде кураманын катарынан четтетилген. Аталган бөлүмдө тартипсиз жоруктарды жасаган учурда, анын ичинде ушул кодекстин жоболорун аткарбаганда же туура эмес аткарганда, спортчуга карата атайын чаралар көрүлөрү белгиленген.

Роман Царев 2020-жылдын 11-12-январында өткөн грек-рим күрөшү боюнча өлкө чемпионатында 72 кг салмак категориясында 1-орунду ээлегендиги үчүн улуттук кураманын катарына кабыл алынган.

Кечээ, 23-декабрда Ички иштер министрлигинин кызматкерлери Бишкектеги жеке ишкерлердин бирин опузалап, 380 миң сом акча талап кылган эки кылмышка шектүүнү кармап, Бишкек ШИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизген. Шектүүлөрдүн бири грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын чемпиону Роман Царев экени белгилүү болгон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM