Биз менен байланышыңыз

Өзбекстан Тажикстандын түндүгүнө газ берүүнү калыбына келтирди

Дүйнө , Кыска кабар | 24 Дек 2020 | 517 | 0

Өзбекстан Тажикстандын түндүгүнө жаратылыш газын берүүнү кайра улантты. Бул тууралуу 23-декабрда Тажикстандагы «Сугдиёнгаз» компаниясынын башчысы Абдухаким Суфиев билдирди.

Анын айтымында, газдын негизги бөлүгү аймактагы 100гө жакын өнөр жай ишканаларына багытталат.

Өткөн жумада Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев тиешелүү мекемелерге калктын муктаждыгын камсыздоо үчүн газ экспортун кыскартууну тапшырган. Анда мамлекет башчысы өлкөнүн газ менен камсыздоо тутуму суткасына 20 миллион куб метр газга муктаж болуп жатканын, мындан улам көптөгөн аймактарда жаратылыш газынын басымы түшүп кеткенин белгилеген.

Өзбекстан Тажикстанга жаратылыш газын берүүнү 2012-жылы токтоткон. Акыркы жолу Дүйшөмбү коңшусунан 2011-жылдын аягында 1000 куб метрин 370 доллардан сатып алган. Ал кезде өзбек газынын негизги керектөөчүлөрү Тажик алюминий компаниясы, Дүйшөмбү цемент заводу жана башка бир катар өнөр жай ишканалары болгон. Анда баасы өтө жогорку болгондуктан, газ үйлөргө берилбей келген.

Өзбекстан Тажикстанга газ берүүнү 2018-жылдын жазында калыбына келтирген. Быйыл өзбек тарап газдын көлөмүн көбөйтүп, орточо эсеп менен айына 22 миллион куб метр сатууда. Бул былтыркы көрсөткүчкө салыштырмалуу дээрлик эки эсеге көп.

Тажикстан Өзбекстандан газдын 1 миң куб метрин дүйнөлүк баадан 20-30 долларга арзан — 120-130 доллардан сатып алат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM