Биз менен байланышыңыз

Ташиев: Соттордун шубасы 5 миң доллар, машинеси 100 миң доллар турат

Кыска кабар | 24 Дек 2020 | 2219 | 1
Жакында эле кармалган соттун батири

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төргасы Камчыбек Ташиев журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, соттордун мүлкү тууралуу айтты.

Анын маалыматына караганда, соттордун декларацияда көрсөтпөгөн мүлкү көп. Алар мындан ары декларацияда көрсөткөн үйүндө жашайт. Айрыкча Жогорку Соттун судьяларынын мүлкү тууралуу күмөн жагдайлар бар.

«Соттордун бир кийген шубасы 5 миң доллар, машинеси 100 миң доллар турат. Кечээ бир судья үй-бүлөсүн алып Дубайга учуп кетиптир. Ал боюнча териштирүү башталды. Алар 15-20 миң доллар акча коротот экен, аны кайдан алышат? Жакында эле кармалган судьянын 20 квартирасы бар экен. Бирок мунун баары декларацияда көрсөтүлгөн эмес. Бул эмне деген акмакчылык? Декларацияда ВАЗ унаасын, хрущевкасын көрсөтүшөт. Эми мындан ары соттор ошол хрущевкасында жашай турган болушат. Мен аларга: «Мүлкүңөрдү саткыла, кирешеңерди мамлекетке бергиле», — деп айтам. Адилеттүүлүк болушу керек да», — дейт Ташиев.

15-декабрда мыйзамсыз баюу фактысы боюнча Жогорку Соттун «О.К.Т.»аттуу судьясы кармалган. УКМКнын маалыматы боюнча, кармалган судья өзүнүн мүлкүн, кирешелерин жана чыгашаларын декларацияда көрсөткөн эмес, тиешелүү киреше булактары жок болсо да, көптөгөн кыймылсыз мүлктөрдү сатып алган.

Алардын арасында VIP-шаарчадагы элиталык кыймылсыз мүлктөр, алдыңкы курулуш компанияларынан батирлер, Ысык-Көлдүн жээгиндеги престиждүү пансионаттардан коттедждер, соода борборлорунда коммерциялык объектилер жана люкс класстагы автоунаалар бар.

Аны менен бирге кармалган судья жана анын жакын туугандары БАЭ, Түркия, Азия жана АКШнын курорттук аймактарына байма-бай каттап турганы аныкталды.

Мыйзамсыз баюу фактысы боюнча Жогорку Соттун судьясы кармалды

1 пикир

1 пикир

  1. Кулкучу кыз.

    25.12.2020 00:45

    Бир сотту кармап алганынарды бир ай айттынар го. Андайлардын канчоосу журот. Силер аларды кармаганча итке минген кедей болуп калышат го, урматтуу Камчыбек мырза.

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM