Биз менен байланышыңыз

COVID-19: Борбор Азияда абал кандай?

Дүйнө , Кыска кабар | 24 Дек 2020 | 746 | 0

Кыргызстанда 24-декабрга карата COVID-19 илдетинен дагы үч бейтап каза болду. Жалпы өлүм учурлары 1340ка жетти.

Бир сутка ичинде COVID-19 илдетинин 186 учуру катталып, өлкөдө вирус жуктуруп алгандардын жалпы саны 79 миң 845ти түзүүдө.

Сутка аралыгында 309 адам коронавирустан айыкты. Илдетти жеңгендердин жалпы саны 73 миң 870ти түздү.

24-декабрга карата Казакстанда 754 адамдан коронавирус инфекциясы табылды. Бул тууралуу өлкөнүн ыкчам штабы кабарлады.

Муну менен өлкө боюнча коронавирус жуктуруп алгандардын жалпы саны 149 462 адамды түздү.

30-апрелден бери Тажикстанда жалпы 13 071 адам коронавирус менен катталган. Алардын ичинен 12 536 адам айыкты. Бул жалпы сандын дээрлик 96 пайызын түзөт.

Коронавирустун кесепетинен 89 адам көз жумган.

23-декабрга карата Өзбекстанда дагы 135 адам коронавирус менен катталды. Муну менен пандемия башталгандан бери Өзбекстанда жалпы 76 315 адамдан коронавирус тастыкталган.

Учурда 73 589 адам коронавирустан дарыланды. Бул жалпы сандын 97 пайызын түзөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM