Биз менен байланышыңыз

Дүйнөлүк номинацияга көрсөтүлгөн «Көл» тасмасынын бет ачары болду

Кыска кабар | 24 Дек 2020 | 355 | 0

«Манас» кинотеатрында Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, режиссер Эмил Атагелдиевдин «Көл» тасмасынын бет ачары өттү. Ага Маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбеков, режиссер, мурдагы депутат Садык Шер-Нияз, кино тармагынын өкүлдөрү катышты.

Тасманын продюсерлери — Садык Шер-Нияз жана Эрке Жумакматова. Тасма Маданият, маалымат жана туризм министрлигине караштуу Кинематография департаментинин каржылык колдоосу менен тартылган.

Башкы ролдорду Артыкпай Сүйүндүков, Болот Тентимишов, Малика Айдабосунова, Айнура Качкынбек кызы, Санжар Өмүрбаев аткарган.

Буга чейин аталган фильм Голливуддун «Алтын глобус» сыйлыгынын «Чет тилдеги мыкты фильм» номинациясына көрсөтүлгөн.

Тасма көлдө жашаган ата-бабалардын рухтары жөнүндө байыркы кыргыз уламышынын негизинде тартылган. Бийик тоолуу Ысык-Көлдүн пейзаждарынын фонунда ачылган экзистенциалдык драмада баатырлардын ички карама-каршылыктары, тандоо эркиндиги жана өз жолу кенен баяндалат.

Фильмди «Оймо» студиясы менен «Айтыш Фильм» кинокомпаниясы биргеликте тарткан.

Тасманын дүйнөлүк премьерасы ушул жылы Шанхай эл аралык кинофестивалында «Asian New Talent Award» номинациясынын алкагында көрсөтүлгөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM