Акыркы суткада Орусиянын 85 аймагынан жалпы 27 250 адамдан коронавирус дарты аныкталып, 549 бейтап каза тапты. Өлкөнүн ыкчам штабынын маалыматы боюнча, суткалык эсеп менен 75 адам көз жумган Санкт-Петербург шаары 1-орунга, 73 адам көз жумган Москва шаары 2-орунга чыкты.
Пандемия башталгандан бери Орусиянын аймагында жалпы 2 933 753 адам коронавирус жугузуп алган. Алардын ичинен 2,3 млн адам айыгып чыкса, 52 461 адам көз жумган. Учурда ооруканаларда жана үй шартында 641 563 бейтап дарыланып жатат.