Биз менен байланышыңыз

Мамытов Дүйнө Кубогуна катышкан балбандарга акчалай сыйлык тапшырды

Кыска кабар , Спорт | 23 Дек 2020 | 679 | 0

Президенттин милдетин аткарып жаткан Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов Сербияда өткөн Дүйнө Кубогунда байгелүү орундарды ээлеген күрөш боюнча улуттук курама команданын мүчөлөрүн жана машыктыруучуларын кабыл алды.

Ал куттуктоо сөзүн айтып жатып, ата мекендик спортчулар Японияда өтө турган Олимпиада оюндарында да ийгиликке жетерине үмүт артты.

«Пандемияга жана башка кыйынчылыктарга карабастан тынымсыз машыгып, бардык тоскоолдуктарды жеңип, мыкты ийгиликтерге жеттиңиздер. Бүткүл Кыргызстан сиздерди колдоп турду. Жеңишиңиздер жалпы элге дем-күч берди. Бул ийгиликтер жаңы жетишкендиктердин башталышы гана экенине, өлкөнүн желеги дагы көптөгөн мелдештерде бийик желбирээрине бекем ишенем», — деди Талант Мамытов.

Машыктыруучу Нурбек Изабеков машыктыруучулар штабынын атынан кыргызстандыктардын колдоосуна ыраазычылыгын айтты.

«Мен 2010-жылдан тарта күрөш боюнча кыз-келиндер командасынын башкы машыктыруучусу болуп иштеп келем. Бул жылдар аралыгында биз көп нерсени башыбыздан өткөрдүк: жаракат алдык, жеңилдик. Бирок ага карабастан катуу иштедик, туура коюлган стратегия менен жеңиштерге жеттик», — деп айтты Нурбек Изабеков.

Талант Мамытов спортчуларга жана машыктыруучуларга мамлекет башчынын резервдик фондунан бөлүнгөн акчалай сыйлыктарды тапшырды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM