Биз менен байланышыңыз

Борбор Азиядагы коронавирус боюнча сандар

Дүйнө , Кыска кабар | 23 Дек 2020 | 503 | 0

Кыргызстанда 23-декабрга карата COVID-19 инфекциясынан дагы эки бейтап каза болду. Жалпы өлүм учурлары 1337ге жетти.

Акыркы суткада COVID-19 илдетинин 230 жаңы учуру аныкталды. Ушуну менен өлкөдө вирус жугузуп алгандардын жалпы саны 79 миң 659га жетти.

23-декабрга карата коронавирустан 261 адам айыгып, оорудан сакайгандардын саны 73 миң 651ге жетти.

Бүгүн, 23-декабрда Өзбекстанда дагы 135 адам коронавирус менен катталды. Муну менен пандемия башталгандан бери Өзбекстанда жалпы 76 315 адамдан коронавирус тастыкталган.

Учурда 73 589 адам коронавирустан дарыланды. Бул жалпы сандын 97 пайызын түзөт.

Акыркы бир суткада Казакстанда 733 адамдан коронавирус оорусу аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 23-декабрда өлкөнүн ыкчам штабы билдирди.

Пандемия башталгандан бери Казакстанда жалпы 148 миң 708 адамдан COVID-19 оорусу аныкталды.

Тажикстандын аймагында бир сутканын ичинде коронавирус менен жаңы 36 бейтап катталды. Улуттук бирдиктүү порталдагы маалымат боюнча, бир суткада 42 адам ооруканалардан чыгарылды.

30-апрелден бери Тажикстанда жалпы 13 034 адам коронавирус менен катталган. Алардын ичинен 12 496 адам айыкты. Бул жалпы сандын 95,9 пайызын түзөт.

Коронавирустун кесепетинен 89 адам көз жумган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM