БУУнун балдар фонду ЮНИСЕФтин Германиядагы өкүлчүлүгү жыл сайын дүйнөдөгү бардык балдардын жашоо шарттарын эң жакшы чагылдырган сүрөттөр үчүн сынак жарыялап, анын негизинде сыйлык ыйгарып келет.
Фото: Angelos Tzortzinis/UNICEF
Бул жылы «ЮНИСЕФтин жыл фотосу» тандоосунда грециялык Ангелос Тзортзинистин Грециядагы мигранттардын балдарынын жашоосун чагылдырган сүрөтү 1-орунду ээледи. «Жыл сүрөтүндө» Грециянын Лесбоб аралындагы Мария качкындар лагерин өрт каптагандан кийин аны таштап кетип жаткан балдар тартылган.
2-орунду индиялык Супратим Бхаттачаржинин сүрөтү ээлеген. Бул сүрөттө Индиядагы балдардын эмгегин пайдалануу темасы көрсөтүлгөн.
3-орунду Рио-де-Жанейронун фавелаларында жашаган балерина кыздардын сүрөтүн тарткан орусиялык фотограф Евгений Макаров ээлеген.