Израиль парламенти 2021-жылдын мамлекеттик бюджетин бекитүүнү мөөнөтүнөн өткөзүп жибергенине байланыштуу автоматтык түрдө таркатылды. Аталган өлкөнүн мыйзамына ылайык, эми парламенттин жаңы курамын шайлоо 2021-жылдын 23-мартынан кечиктирилбей өткөрүлүшү керек.
Муну менен Израиль 2 жыл ичинде төртүнчү ирет мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоону дайындоо алдында турат.
Өлкөдө саясий кризис 2019-жылдан бери уланып келет. Андан бери 3 жолу парламенттик шайлоо өтүп, баарында оңчулдар партиясы менен солчулдар партиясы бирдей мандатка ээ болгон. Бул көпчүлүк коалицияны аныктоодо талаш жаратып, Өкмөттүн курамын түзүүдө тоскоолдуктарды пайда кылып келет.