Биз менен байланышыңыз

Бишкектеги «Ала-Тоо» аянтынан автоунаалардын жүрүшүнө чектөө киргизилди

Кыска кабар | 23 Дек 2020 | 744 | 0

Милициянын кайгуул кызматы 8-январга чейин Бишкектеги «Ала-Тоо» аянтынан автоунаалардын жүрүшүнө чектөө киргизилгенин кабарлады.

Маалыматка караганда, 2020-жылдын 21-декабрынан 2021-жылдын 8-январына чейин Чүй көчөсүнүн Эркиндик бульварынан баштап Панфиловго чейинки бөлүгү жабылат. Анда кечки саат 20:00дөн түнкү 01:00гө чейин автоунаалардын жолдо жүрүүсүнө тыюу салынат.

Инспекторлор унаалардын карама-каршы багытта кыймылына тыюу салуу үчүн жолдун бөлүктөрүндө же бир тараптуу өтмөктөрдө кирүүгө тыюу салган жол белгилерин орнотушту.

Жол кыймылына убактылуу чектөөлөр борбордук аянтка барган шаар тургундарынын жана коноктордун коопсуздугун камсыздоо максатында киргизилди.

Copyright © 2017 Maral FM