Биз менен байланышыңыз

«Парламентаризмге даяр эмеспиз» деген туура эмес пикир»

Кыска кабар , Пикирлер | 23 Дек 2020 | 308 | 0

Юрист Эржан Кайыпов «Марал» радиосуна берген маегинде «парламентаризмге даяр эмеспиз» деген туура эмес пикир экенин билдирди.

Анын айтымында, башка өлкөлөр эң начар абалдан парламентаризмге өтүү аркылуу чыгып кетишкен.

«Парламенттик башкарууга даяр эмеспиз» деген сөздөр — жаңылыштык. Себеби башка парламенттик өлкөлөргө кайрыла турган болсок, Германия Экинчи дүйнөлүк согуштан көп өтпөй 1949-жылы, Италия 1947-жылы парламенттик республикага айланган. Айрым Чыгыш өлкөлөрү коммунисттик, тоталитардык режимден кийин парламентаризмге өтүштү. Кыргызстандын азыркы экономикалык, социалдык абалы ошол кездеги Германия, Эстония жана башка Европа мамлекеттеринен ушунчалык начарбы?» — дейт Кайыпов.

Анын айтымында, коомдун жалпы өкүлчүлүгү киргендиктен жана өкмөт башчынын жоопкерчилик маселеси жогору болгондуктан, парламенттик башкаруу маанилүү.

Ал эми учурда сунушталып жаткан президенттик формада премьер-министр алмашат да, өлкө башчы бардык бийликти өзүнө алат. Бирок жоопкерчилиги суроо бойдон калууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM