Баткен облусунун Сүлүктү шаарында шахта урап, анын астында бир жаран калып калган. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, 22-декабрь күнү саат 10:40 чамасында ЖЧК «Ашымбай» шахтасы урап түшкөн.
Кырсык болгон жерге министрликтин тоо-кен куткаруу взводунун 16 куткаруучусу, тез жардам кызматынан 1 бригада, ИИМден 1 экипаж, шахта жетекчиси жана 20 жумушчу тартылган.
Издөө иштери улантылууда жана шахтада калып калган адамдын аты-жөнү такталууда.