Биз менен байланышыңыз

Өзбекстан Орусияга кетүүнү каалаган мигранттарга 1 миллион доза вакцина жеткирет

Дүйнө , Кыска кабар | 23 Дек 2020 | 571 | 0

Өзбекстан Орусияга кетүүнү пландаган эмгек мигранттары үчүн коронавируска каршы «Спутник V» вакцинасынан 1 миллион доза буюртма берди. Бул тууралуу Орусиянын Ташкенттеги элчиси Владимир Тюрденев билдирди.

Элчи вакцинаны жеткирүү боюнча келишимге кол коюлганын айтып, келерки жылы Орусиядан «Эпиваккорона» вакцинасын сатып алуу боюнча иштер жүрүп жатканын белгиледи.

Декабрдын башында Орусиянын Өнөр жай жана соода министри Денис Мантуров Ташкентке жеке өзү «Спутник V» вакцинасынан 100 доза жеткирип, каттоо, иликтөө жана өндүрүү үчүн аларды өзбек бийлик өкүлдөрүнө тапшырган.

Кийинчерээк Ташкент орусиялык инвесторлорго COVID-19га каршы фармацевтикалык кластердеги иммунобиологиялык «Tashkent Pharma Park» вакцинасын өндүрүүнү сунуштаганы белгилүү болгон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM