Биз менен байланышыңыз

«Конституциялык референдум боюнча үгүт иштери активдүү жүрүп жатат»

Кыска кабар , Пикирлер | 23 Дек 2020 | 406 | 0

Башмыйзамды өзгөртүүгө азырынча эрте. Анткени 1993-жылы кабыл алынган Конституцияны жазууга Легендарлуу парламент эки жыл убактысын короткон. Конституцияны түп-тамыры менен өзгөртүүгө көп убакыт кетет. Мындай пикирин жарандык активист Бакыт Бейшенбеков «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, өлкөнүн башкаруу формасы президенттик жана парламенттик деп көрсөтүлгөнүнө карабай, Кыргызстан 30 жылдан бери президенттик башкарууда келе жатат.

Бейшенбеков Референдум боюнча ЖМКларда, социалдык тармактарда үгүт иштери активдүү жүрүп жатканын белгиледи.

«Азыркы учурда башкаруу формасын өзгөртүүнүн зарылчылыгы жок болчу. Биринчи парламенттик, андан соң президенттик шайлоолорду өткөрүү керек эле. Андан кийин гана конституциялык реформага барсак туура болмок. Тилекке каршы, тескери болуп жатат», — дейт активист.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM