Биз менен байланышыңыз

Сингапурдун билим берүү системасы тууралуу китептин бет ачары болду

Кыска кабар | 22 Дек 2020 | 1281 | 0
Фото: Айгерим Нурболотова

«Bugupress» маалымат агенттиги кыргыз тилинде басып чыгарган «Сингапур билим берүү системасы: Парадокстун күчү» аттуу китебинин бет ачары бүгүн, 22-декабрда Ишенаалы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин илимий китепканасында болуп өттү.

Иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаты Абдывахап Нурбаев, Билим берүү жана илим министринин кеңешчиси Догдуркүл Кендирбаева, Казакстандагы Назарбаев университетинин Жогорку билим берүү мектебинин профессору Дүйшөн Шаматов, Мамлекеттик тил комиссиясынын төрагасы Назаркул Ишекеев жана башка илимпоздор, коомдук ишмерлер катышты.

«Bugupress» маалымат агенттигинин директору Жаныбек Абидетегиндин айтымында, буга чейин бул китепти 3 мамлекет өз тилинде басып чыгарган. Ал эми Кыргызстан төртүнчү өлкө болуп которду. Иш-чарага китептин түп нускасынын автору Эң Пак Ти атайын видео кайрылуу жөнөткөн. Ал «Bugupress» агенттигин китепти кыргыз тилине ийгиликтүү которуп, басып чыгарганы менен куттуктады. Китеп Борбордун Азияда жана КМШда эң биринчи болуп которулуп, чыгып жаткандыгын белгиледи. Окурмандарына ийгилик каалап өттү.

Даярдаган: Махбуба Сайпиллаева

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM