Биз менен байланышыңыз

40тан ашык өлкө Британия менен болгон байланышын токтотту

Дүйнө , Кыска кабар | 22 Дек 2020 | 623 | 0

40тан ашык мамлекет Улуу Британияга болгон жол жана аба каттамдарын токтотту. Анын катарында Франция, Испания, Индия жана Орусия бар.

Британиядан сыртка чыгууга өлкөдө коронавирустун мутацияланган жаңы түрү пайда болгон соң тыюу салынган. Лондон жана анын айланасында төртүнчү даражадагы эпидемиологиялык коркунуч байкалган.

Вирустун жаңы түрүнүн тездик менен жайылуусунан сактануу максатында Франция Британия менен болгон чек арасын жапкан. Буга байланыштуу Дувр портун бойлой жүк ташуучу унаалар тизилип калган.

Евробиримдиктин башка өлкөлөрү да кыймылды чектөө аракетин көрүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM