Орусиядан Өзбекстанга ар кандай кылмышы үчүн жоопко тартылган 56 туткун өткөрүлүп берилди.
Орусиянын башкы прокуратурасы билдиргендей, өзбек тарап сураган адамдарын алып кетүү үчүн атайын учак маселесин чечкен.
Өзбекстанга берилген адамдардын арасында оор жана орто оор кылмыштары үчүн кармалгандар бар.