Биз менен байланышыңыз

Президенттик шайлоонун көлөкөсүндө калган референдум

Саясат | 22 Дек 2020 | 1471 | 0

Президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов 11-декабрда «Кыргызстандын башкаруу формасын аныктоо үчүн референдум өткөрүү жөнүндө» мыйзамга кол койгон. Ага ылайык, референдум 2021-жылдын 10-январында президенттик шайлоо менен бирге өтөт. Бирок бүгүнкү күнгө чейин жалпы элге түшүндүрүү иштери жүргүзүлбөй, «Кандай башкаруу системасы керек? Өлкөнүн келечеги үчүн референдумдун мааниси канчалык?» деген сыяктуу маалыматтар жеткирилбей келет. 

Референдумга төмөндөгүдөй башкаруу формаларын тандоо маселеси чыгарылат:

  • президенттик республика;
  • парламенттик республика;
  • бардык варианттарга каршы.

«Референдумду дайындоо жөнүндө» мыйзам күчүнө киргенден кийин бардык мамлекеттик органдар, өзүн-өзү башкаруу органдары, шайлоо комиссиялары, саясий партиялар, массалык маалымат каражаттары референдум жөнүндө маалымдоо жүргүзүшү керек. Ал — үгүт эмес, ичиндеги маанисин түшүндүрүү болуп саналат. Мындан сырткары референдумга коюлган эки суроо боюнча демилгелүү топтор түзүлүп, Борбордук шайлоо комиссиясына кечээ каттоого тургандыгын БШКнын төрага орун басары Абдыжапар Бекматов билдирди.

«Катталган дегилгелүү топтор ар бири өзүнүн позициясына жараша эл арасына үгүт иштерин жүргүзүшү керек. Талапкерлерге үгүт кандай жүрсө, өздөрү тандаган позицияга да ошондой эле үгүт жүргүзөт. Кечээ парламенттик башкарууну колдогон демилгелүү топ, баарына каршы деген позицияда болгон демилгелүү топ БШКдан каттоодон өттү. Ошондой эле биз массалык маалымат каражаттары аркылуу кайрылууларды жөнөтүп жатабыз. Атайын баннер, плакаттарды чыгарып, иш жүргүзүүнү баштадык». 

Коомчулукта президенттин укуктары кеңейтилген долбоорду колдогондор эгер мыйзам кабыл алынса, Кыргызстанда бийликтин жоопкерчилиги күчөй турганын белгилешет. Ал эми референдумга каршы активисттер өлкөдө авторитардык башкаруу орнойт деп кооптонуп, жума сайын нааразычылык акцияларын уюштурууда. Акциянын активдүү катышуучуларынын бири, экономист, көз карандысыз серепчи Руслан Акматбек референдумду президенттик шайлоо менен чогуу өткөрүүнүн өзү эле мыйзамга карама-каршы келет деп эсептейт.

«Референдумдан мурун эле конституциялык кеңешмени иштете баштады. Референдум эмне жөнүндө болуп жатканын түшүндүрөйүн деген деле ойлору жок. Бийлик: «Баары бир биз жеңебиз, эл деген президенттик башкарууну тандайт, анан ошого жараша Конституцияны өзгөртөбүз» деген ойго бекип калган. Булар коом менен деле кеңешкен жок. «Эл каалады» деп жатышат. Эл эмнени каалаганын билүү үчүн изилдөө өттүбү, же болбосо кандайдыр бир кол топтолдубу? Жок. Келе турган бийлик ордун бекемдөө үчүн, бийликте узак мөөнөттө калуу үчүн эле президенттик башкаруу деп кетип бара жатышат». 

Ал эми экс-депутат Ишенбай Кадырбеков референдум өткөрүүнү сунуштаган тарап референдум эмне жөнүндө болуп жатканын өздөрү аңдабагандыктан, түшүндүрүү иштери жүрбөй жатканын айтат.

«Мыйзам боюнча референдум болгондо, «ким каршы», «ким колдойт» деген эки тарап болот. Мына ошол тараптар үгүт иштерин жүргүзөт. Андан кийин бул маселе боюнча радио, теледен талкуу болуп, топтор өздөрүнүн аргументтерин айтат. Аны жөн эле чыгарып койду, эл добушун кайсыга берет? Мен да билбейм, кайсынысына добуш берерди. Референдум өзү негизсиз, мыйзамсыз болуп жаткандан кийин, алып чыккан кишилер өздөрү түшүндүрө албай жатпайбы? Дүйнө жүзүндө таза парламенттик мамлекет, таза президенттик мамлекет деген жок. А аралаш башкаруу формасы бар. Элге түшүндүрбөгөндөн кийин «баарына каршы» деген бар, ошону белгилеп коюу керек, болду».

Алдыда боло турган референдумда парламенттик башкаруу формасын жактаган 13 кишиден турган топтун түзүүчүсү, депутат Дастан Бекешов жаңы жыл алдында адамдарды топтоо бир аз кыйын болгондуктан, ошондой эле сууктан улам үгүт иштерин массалык маалымат каражаттары жана социалдык баракчалар аркылуу жүргүзүүнү пландап жатышканын маалымдады.

«Ар кандай формада баракчаларды жасап, үгүт жүргүзсөкпү дегенбиз. Бирок, жарандар окубай калбадыбы. Ошондуктан жарнама кылууга булар жардам бербейт. Азыр биз «Ютуб» жана «Инстаграмды» алдык. Бизде «Ютубда» 800 миң жаран отурат экен. «Инстаграмда» болсо, миллионго жакын жаран отурат. Эми албетте, бизде интернет тартпаган алыскы аймактар бар, бүгүн чогулушта аларга кантип жеткирүүнү ойлонобуз го…»

Референдум өткөрүү боюнча мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров сунуш кылып, 9-декабрда биринчи окуудан өтүп, 10-декабрда дароо экинчи жана үчүнчү окууда колдоо тапкан. Референдумду өткөрүүгө кошумча 40 миллион сом бөлүнөрү маалымдалган. Коомчулукта башкаруу системасын тандоо боюнча референдум менен президенттик шайлоо бир өтсө, башаламандык жаралуу коркунучу бар экендиги айтылып келет.

Copyright © 2017 Maral FM