Биз менен байланышыңыз

«Ну,погоди!» мультсериалынын автору Александр Курляндский каза болду

Дүйнө , Кыска кабар | 22 Дек 2020 | 502 | 0

«Ну, погоди!» мультфильмине сценарий жазгандардын бири, орусиялык жазуучу Александр Курляндский 82 жашында каза болду. Бул тууралуу орусиялык басылмалар маалымдашты.

Сатирик, драматург, балдар жазуучусу, сценарист, Орусиянын искусствосуна эмгек сиңирген ишмер, СССР мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты Александр Курляндский 1938-жылы Орусиянын Москва шаарында туулган. Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында Свердлов облусуна чоң энеси менен кошо көчүрүлүп барып, балалыгы аталган облуста өткөн. 1961-жылы В. В. Куйбышев атындагы Москва мамлекеттик инженер-курулуш инстиутун аяктаган.

Александр Курляндский «Сениби, шашпа!» (Ну, погоди!), «Даңазалуу Гоша» (Великолепный Гоша), «Жезкемпир каршы» (Баба-яга против) өңдүү бир катар мультсериалдардын, «Зоопарк оңдолуп жатат» (В зоопарке — ремонт), «Илегилек, сага ыракмат!» (Спасибо, аист!) сыяктуу көптөгөн мультфильмдердин сценарий жазган. Ошондой эле балдар үчүн жазылган сатиралык аңгемелеринин негизинде «Ералаш» юмордук балдар киножурналынын бир нече чыгарылыштары тартылган. Мындан тышкары бир нече китептери басмадан жарык көргөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM