Биз менен байланышыңыз

Жылдызбек Турганбаев Ош шаарынын биринчи вице-мэри болду

Кыска кабар | 21 Дек 2020 | 640 | 0

Жылдызбек Турганбаев Ош шаарынын биринчи вице-мэри болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка шаар мэри Таалайбек Сарыбашов кол койду.

Жылдызбек Турганбаев 21-декабрда эмгек жамаатына тааныштырылды.

Ал экономика тармагына жооптуу болот. Буга чейин Ноокат райондук салык кызматында, Ош шаардык салык кызматында жана түштүк аймагы боюнча салык кызматынын башчысы болуп иштеген. Ошондой эле Мамлекеттик Салык кызматынын төрагасынын кеңешчиси болгон.

21-декабрда Ош шаарынын буга чейинки биринчи вице-мэри Саибжан Турдуев өз арызынын негизинде кызматынан бошотулду.

Саибжан Турдуев бул кызматка 2018-жылы май айында дайындалган эле.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM