Биз менен байланышыңыз

Баткендин базарында эттин баасы 50 сомго арзан (сүрөт)

Кыска кабар | 21 Дек 2020 | 477 | 0

Баткен облусундагы базарда өлкөнүн башка аймактарына салыштырмалуу эттин баасы 50 сомго арзан. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгү тараткан маалыматта айтылат. Учурда анда эттин баасы 400 сомдон сатылып жатканы кабарланды.

Аталган облуста тийиштүү органдар базар бааларына мониторинг жүргүзүү, азык-түлүктүн кымбаттап кетишинин себептерин аныктоо, бааны кескин жогорулаткандарга чара көрүү максатында Баткен базарында рейд жүргүздү. Адистер малдын, эттин, жем-чөптүн, көмүрдүн, ун, жумуртка, өсүмдүк майы сыяктуу бир катар турмуш-тиричиликке зарыл болгон товардын бааларын текшерди.

Алар буга чейинки жүргүзүлгөн анализдин жана бул жолку рейддин жыйынтыгы менен салыштырып, Баткенде эттин баасы 50 сомго арзан экенин, эки айдан бери баа туруктуу сакталып турганын белгилешти.

Ошондой эле көмүргө болгон баа сапатына жараша 8 сомго чейин сатылып жатканы маалым болду. Жергиликтүү бийлик элдин суроо-талабы көп болгон көмүрдүн БР түрүн 6 сом 50 тыйындан сатууну уюштурган.

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүл Жаныбек Жалалов эң маанилүү азык-түлүктү өндүрүү менен ички муктаждыкты жеңилдетүүнү сунуштады.

Ошондой эле 2021-жылдын түшүмү үчүн эгин, күн карама, жүгөрү аңыздарын жана шалбааларды көбөйтүү тапшырмасын койду.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM