Биз менен байланышыңыз

Талант Мамытов: Учурда мага чоң жоопкерчилик жүктөлүп турат

Кыска кабар | 21 Дек 2020 | 1071 | 0

Президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов 20-декабрда Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында Ноокен районунун тургундары менен жолугушту. Анда коомдук-саясий кырдаал тууралуу сөз болуп, социалдык-экономикалык көйгөйлөргө байланыштуу эмгек миграциясы курч турганы айтылды.

«Ушул жана башка көптөгөн көйгөйлөрдү чечүү үчүн тез арада реформалар зарыл. Бул оңой эмес мезгилде өлкөнүн учурдагы жетекчилигине көбүрөөк жоопкерчилик жүктөлүүдө. Бүгүнкү күндө биз үчүн негизги артыкчылыктуу багыттардын бири — президенттик шайлоону ачык жана акыйкат өткөрүү», — деп билдирди Талант Мамытов.

Ал президенттик шайлоо менен катар мамлекеттик башкаруу формасын аныктоочу референдум өткөрүлөрүн да кошумчалады.

«Өлкө тарыхында биринчи жолу башкаруунун ылайыктуу формасын эл өзү тандайт. Биз шайлоо процессинин таза жана ачык болушун камсыз кылуу үчүн болгон күч-аракетибизди жумшап жатабыз, анткени андан Кыргызстандын келечеги көз каранды», — деп айтты Мамытов.

Ал октябрь окуясы тууралуу сөз кылып, калктын нааразычылыгына парламенттик шайлоонун мыйзам бузуулар жана адилетсиз өткөндүгү себеп болгонун айтты.

Copyright © 2017 Maral FM