Кыргызстанда 21-декабрга карата COVID-19 илдетинен Баткен облусунда бир бейтап каза болуп, коронавирустан көз жумгандардын жалпы саны 1331ге жетти.
Акыркы бир сутка ичинде COVID-19 илдетинин 132 жаңы учуру катталды:
- Бишкек — 45;
- Ош — 6;
- Чүй облусу – 21;
- Талас облусу — 5;
- Нарын облусу — 1;
- Ысык-Көл облусу – 32;
- Жалал-Абад облусу – 16;
- Баткен облусу — 6 учур катталды.
Өлкөдө вирус жуктургандардын жалпы саны 79 миң 254кө жетти.
Бир сутка ичинде коронавирус жуктургандардын бирөө медициналык кызматкер. Ошол эле акыркы суткада 5 кызматкер айыкты.
COVID-19 вирусун жугузуп алган медициналык кызматкерлердин жалпы саны 4073кө жетип, анын 3841и сакайды.
Кыргызстанда бир сутка ичинде 225 бейтап вирустан сакайды.
-Бишкек – 80;
-Ош шаары – 23;
-Чүй облусу – 34;
-Ош облусу – 5;
-Талас облусу – 6;
-Нарын облусу – 4;
-Ысык-Көл облусу – 28;
-Жалал-Абад облусу – 24;
-Баткен облусу – 21.
Илдеттен айыккандар 73 005ти түзүүдө.
Учурда стационарларда 1636 бейтап дарыланууда. Анын ичинен:
-28 адам канааттандыраарлык абалда;
-1088 орто оордукта;
-438 оор абалда;
—82 өтө оор абалда.
Үй шартындагы дарыланууда – 2394 бейтап бар.