Биз менен байланышыңыз

Бүгүн жылдын эң узак түнү болот

Кыска кабар | 20 Дек 2020 | 6137 | 0

20-декабрдын күнү эң кыска, ал эми 21-декабрга караган түнү эң узак болот. Андан кийин акырындык менен күн узарып, түн кыскарып баштайт.

Астрономиялык изилдөөлөр боюнча, Күн экватор сызыгынан алыстап, эклиптиканын түштүк уюлун карай оогон маалда катуу суук башталары айтылат. Кыргыз элинде бул күн «чилденин кабары» деп аталат.

Ошондой эле күн менен түндүн жазгы теңелүүсү 20-марттан 21-мартка караган түнү орун алат. Астрономдор бул маалда Күн экватордун дал ортосуна келип, андан соң түндүк жарым шарды карай жыларын айтышат. Бул күндү кыргыздар жыл ажыраш деп атап, жаңы жылдын башталышы катары белгилешкен.

Ал эми эң узун күн 21-июнда, эң кыска түн 22-июнга караган түнү болот. Астрономияда бул мезгилде Күн экваторго жакындап, түндүк уюлду карай толук оой турганы белгиленет. Ушул күндөн 2 же 3 күндөн кийин жайкы саратан башталарын кыргыз эсепчилери айтып келишкен.

Ал эми күн менен түндүн күзгү теңелүүсү 21-сентябрдан 22-сентябрга караган түнү орун алат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM