Биз менен байланышыңыз

Кышкы туристтик сезон расмий ачылды

Кыска кабар | 20 Дек 2020 | 586 | 0

Кыргызстанда кышкы туристтик сезон расмий ачылды.

Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, Чуңкурчак тоо лыжа комплексинде өткөн туристтик сезондун ачылышына министр Нуржигит Кадырбеков, Казакстандын, Орусиянын, Тажикстандын, Венгриянын Кыргызстандагы элчиликтеринин өкүлдөрү, өнөктөштөр жана эс алуучулар катышты. Министр келген меймандарга көңүлдүү маанай каалап, Кыргызстандын ажайып кооз жаратылышына аяр мамиле кылууга жана аны сүйүүгө чакырды.

Ачылыш аземге туристтик тармакты колдогон өнөктөштөр тарабынан бир катар баалуу белектер тапшырылды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM