Биз менен байланышыңыз

Бишкекте акысыз муз тебүүчү аянтча ачылды [видео]

Кыска кабар | 20 Дек 2020 | 1134 | 0

Бишкекте акысыз муз тебүүчү аянтча ачылды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Муз аянтча Махатма Ганди проспектисинин жээгиндеги «Жаштар» паркынын батыш тарабындагы көлмөдө жасалган.

Шаар тургундары жана коноктору каалаган убакта келип, коньки, чана тээп эс алып кетсе болот. Эс алуучуларга ыңгайлуу болуусу үчүн атайын шарттар түзүлүп, чакан ашкана ачылганын, мындан тышкары коньки, чаналар ижарага да берилерин «Шаар парктары» муниципалдык ишканасы маалымдады.

Муздун калыңдыгы 30 сантиметр болгондуктан, ал тургай күн жылуу учурда да жарылып кетпей турганын, себеби көлмөнүн музу эки-үч катмар тоңорун мэрия эскертип, шаар тургундарын келип эс алып турууга чакырды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM