Connect with us

Жо Байден эл алдында коронавируска каршы эмдөөдөн өтөт

Дүйнө , Кыска кабар | 20 Дек 2020 | 676 | 0

АКШнын жаңы шайланган президенти Жо Байден эртең, 21-декабрда көпчүлүктүн катышуусунда коронавируска каршы эмдөө алат. Жараян түз эфир аркылуу чагылдырылат. Бул тууралуу анын басма сөз катчысы Жен Псаки билдирди.

78 жаштагы саясатчы жана анын жубайы эмделүү үчүн «Biontech» жана «Pfizer» компаниялары өндүргөн вакцинаны тандашкан.

Псаки мындай ачык жараян коомчулукка вакцинанын коопсуздугун далилдөө үчүн жасала турганын айтты.

Буга чейин АКШнын вице-президенти, кызматтан кетип жаткан Майк Пенстин «Biontech» жана «Pfizer» вакциналарын алып жатканы түз эфирде чагылдырылган.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM