Биз менен байланышыңыз

Алты жашар блогер эң көп киреше тапкандардын тизмесине кирди

Дүйнө , Кыска кабар | 20 Дек 2020 | 1079 | 0

«Forbes» журналы YouTube каналында эң көп киреше тапкан тестиер жана өспүрүм блогерлердин тизмесин жарыялады. Рейтиндин алдыңкы ондугунда орусиялык алты жашар Анастасия Радзинская да бар. Анын жылдык кирешеси 18,5 миллион долларды түзүп, тизмеде жетинчи орунду ээледи.

Анастасиянын «Like Nastya» YouTube каналында 65 миллиондон ашуун катталуучу бар. Киргизген ар бир видеосу 39 миллиарддан ашуун жолу көрүлөт. Мындан тышкары TikTok аккаунтуна 3 миллион адам катталган.

«Forbes» журналынын рейтингинде биринчи орунду тогуз жашар индус Райан Кажи алды. Анын жылдык кирешеси 29,5 млн доллар түзгөн. Блогер өзүнүн каналында оюнчуктарды жарнамалап келет. Көптөгөн интернет дүкөндөр, ошондой эле «Walmart» сыяктуу классикалык сатуучулар ал видедо көрсөткөн оюнчуктарды, рюкзактарды, тиш пастаны жана жаш блоггердин сүрөтү түшүрүлгөн товарларды сатышат. Өткөн жылы мындай сатуудан 200 миллион доллар түшкөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM