Биз менен байланышыңыз

Түштүк Африкада коронавирустун жаңы түрү пайда болду

Дүйнө , Кыска кабар | 20 Дек 2020 | 556 | 0

Түштүк Африкада коронавирустун жаңы түрү пайда болду. Бул тууралуу Түштүк Африканын Саламаттыкты сактоо министри Звели Мхизе билдиргенин Борбордук Азия жаңылыктар кызматы жазды.

Маалым болгондой, аталган өлкөнүн дарыгерлери март айынан тарта коронавирус илдети боюнча изилдөө жүргүзүп баштаган. Акыркы эки ай ичинде илдетти жугузгандар өтө көбөйүп кеткендиктен, вирусологдор кайрадан анализ жүргүзүшүп, коронавирустун экинчи толкунунда бейтаптар илдеттин буга чейин кездешпеген жаңы түрүнө кабылышканын айтып чыгышты.

Мхизенин айтымында, вирустун бул түрү жазда жуккан COVID-19дан айырмаланып, башка ооруларды козгобойт, мурда улгайган бейтаптар көбүрөөк катталып келсе, бул жолкуда басымдуу көпчүлүгү жаштар болууда. Ошондой эле коронавирустун жаңы түрү ыкчамдык менен жайылып баратканын эскертип, бийликтен атайын чараларды кабыл алууну өтүндү.

Джон Хопкинс университетинин маалыматы боюнча, Түштүк Африкада коронавирус жугузгандардын саны 901 миң 538ге жеткен.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM