Биз менен байланышыңыз

Израилдин өкмөт башчысы коронавируска каршы эмделүүнү өзү баштап берди

Дүйнө , Кыска кабар | 20 Дек 2020 | 497 | 0

19-декабрда Израилде премьер-министр Биньямин Нетаньяху жана Саламаттыкты сактоо министри Юлиус Эдельштейн коронавируска каршы эмделди.

«The Jerusalem Post» гезити билдиргендей, өзүнүн эмделүүсүн «Израиль үчүн чоң күн» деп атаган Нетаньяху вакцина коронавируска каршы күрөшүүгө жардам берерин айтып, мекендештерин да ушул жолго түшүүгө чакырды.

Премьер-министр Рамат-Ган шаарындагы «Тель ха-Шомер» ооруканасында «Pfizerден» вакцина алды. Калкты үндөө максатында премьер-министрди эмдөө жараяны телеканалдар аркылуу түз алынып берилди.

«Баарыңарды эмдөөгө үндөө үчүн алгач вакцинаны мага жана Саламаттыкты сактоо министрине жүргүзүүнү өтүндүм», — деди Нетаньяху.

Ал декабрдын аягында Израилге миллиондогон доза вакцина жеткириле тургандыгын кошумчалады.

Сурамжылоолор көрсөткөндөй, израилдиктердин көпчүлүгү коронавирустук вакциналардан күмөн санашат. Ошондуктан өлкө жетекчилери жарандарды жапырт эмделүүгө үндөө үчүн ар кандай аракеттерди көрүп жатышат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM