Биз менен байланышыңыз

Казакстандыктар коронавируска каршы ата мекендик вакцина менен эмделе баштады

Дүйнө , Кыска кабар | 19 Дек 2020 | 485 | 0

Казакстандын Саламаттыкты сактоо министрлиги ата мекендик өндүрүш болгон QazCovid-in вакцинасынын акыркы III фазасын үч миң ыктыярчыга сынап көрүүгө уруксат берди.

Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, бүгүн биринчи ыктыярчылар Казакстанда чыгарылган коронавирус вакцинасы менен эмделди.
Вакцинация Жамбыл облусундагы Кордай аймагынын биологиялык коопсуздук маселелери боюнча илимий изилдөө институтунда, Алматы жана Тараз шаарларындагы ооруканаларда жүргүзүлдү. Декабрдын аягына чейин 3000 ыктыярчыга эмдөө жүргүзүлөт. Ал эми эмдөөнүн III фазасын өткөрүү үчүн 10 миң доза вакцина партиясы чыгарылат.

«Массалык түрдө Ата мекендик вакцина менен калкты эмдөө 2021-жылдын март айында башталат. Биринчи кезекте медициналык кызматкерлер, мугалимдер, ошондой эле өнөкөт оорулары бар адамдар ыктыярдуу түрдө эмдөөдөн өтүшөт», — деди премьер-министр Аскар Мамин.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM