“Элим, барсыңбы?!” коомдук кайрымдуулук фонду Biz е V Hessen Germany уюму менен биргеликте Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасына жардам кылышты.
Ата-Журттан алыста жүргөнүнө карабай Германиядагы мекендештердин колдоосу менен бүгүн шаардагы ооруканага врачтардын жумушун жеңилдетүү максатында принтер, процессор, монитор клавиатурасы менен берилди.
Ошону менен бирге эле Тез Медициналык Борборунун №2 Чыкма бекетчисинин 3 тез жардам унаасынын ичине 3 даана кардиограф, 3 даана кислородный редуктор тапшырылды. Булар тез жардам көсөтүлүп жатканда колдонуучу аппараттар.
Жардамдын жалпы суммасы 172132 сомду түздү.
Biz е V Hessen Germany уюму Германиядагы кыргыздар тарабынан түзүлгөн уюм. Айта кетсек аталган уюм менен Фонд расмий түрдө 2020-жылдан баштап кызматташып келет.
“Элим, барсыңбы?!” коомдук кайрымдуулук фонду чет жакта жүрсө да өлкө үчүн кол кабыш кылып кылган мекендештерге ыраазычылык билдирет.