Биз менен байланышыңыз

Карасаевдин 120 жылдыгы: Сабаттуулукка багытталган бир айлык жарыяланат

Кыска кабар | 18 Дек 2020 | 1691 | 0
Кусеин Карасаев жана жубайы Айша Карасаева

Кыргыз элинин алгачкы агартуучуларынын бири, педагог, котормочу, публицист, туңгуч лексикограф жана лексиколог Кусеин Карасаевдин 120 жылдыгына карата Президентке караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия бир айлык өнөктүк жарыялайт.

Иш-чарага өлкө боюнча бардык мамлекеттик-муниципалдык мекемелер, ишкана-уюмдар, жалпыга маалымдоо каражаттары, билим берүү мекемелери жана башка каалоочулар катыша алат.

Бир айлык өнөктүк залкар инсандын өрнөктүү өмүр жолун жаштарга үлгү кылуу, эмгектерин, илимий мурасын жайылтуу, коомчулукту сабаттуулукка үндөө, кыргыз тилинин байлыгын даңазалоо максатында уюштурулуп жатат.

Иш-чара 21-декабрдан 21-январга чейин жүрүп, онлайн жана офлайн түрүндө ар кандай багыттагы илимий, интеллектуалдык, маданий иш-чаралар өткөрүлөт. Бир айлыктын алкагында жүргүзүлгөн иштерде сабаттуулукка өзгөчө көңүл бурулат.

Толук маалыматты mamtil.kg сайтынан алса болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM