Кыргыз-Тажик чек арасында чыккан чыр эки тараптын сүйлөшүүлөрүнүн негизинде чечилип, Ак-Сай-Ворух жолундагы автоунаа каттамдары жүрүп жатат. Бул тууралуу Баткен ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Учурда чектеш аймактарда абал тынч. 16-декабрда кечки саат 20:30 чамасында Баткен районунун Ак-Сай айылынын тургундары Ак-Сай–Ворух жолун тосуп чыгышкан. Буга Ак-Сай айылынын тургунунун эки жылкысы өзүнүн короосунан коңшулаш Тажикстанга өтүп кеткендиги себеп болгон.
17-декабрь күнү окуяга байланыштуу эки өлкөнүн ички иштер органдарынын өкүлдөрү жолугушту. Анда биргеликте иш жүргүзүү, чек ара тилкелеринде кылмыштуулукту болтурбоо жана алдын алуу боюнча сүйлөшүүлөр болду.
Мындан сырткары чек ара тилкелеринде эки өлкөнүн ички иштер органдары өз алдынча кайгуулдарды жүргүзө тургандыгы белгиленди.