Биз менен байланышыңыз

КРнын волейбол боюнча эмгек сиңирген машыктыруучусу Мелис Сейитказиев дүйнө салды

Кыска кабар , Спорт | 17 Дек 2020 | 1074 | 0

Кыргыз Республикасынын волейбол боюнча эмгек сиңирген машыктыруучусу Мелис Сейитказиев 75 жаш курагында дүйнө салды. Анын сөөгү бүгүн, 17-декабрда Балыкчы шаарында жерге берилди.

Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин маалыматы боюнча, Мелис Сейитказиев машыктыруучулук ишмердигинин алкагында волейболдун өнүгүшүнө зор салым кошуп келген.

Кыргызстандын волейбол боюнча кыз-келиндер жана эркектердин курама командаларынын азыркы капитандары Мелис Сейитказиевдин тарбиялануучулары.

Кыргыз Республикасынын волейбол боюнча эмгек сиңирген машыктыруучусу Мелис Сейитказиев 1945-жылдын 21-июнунда Баткен облусунда төрөлгөн. 1975-жылдан тарта Балыкчы шаарындагы В.В.Ленин атындагы №4 мектеп-гимназияда дене тарбия мугалими болуп 45 жыл эмгектенген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM