Биз менен байланышыңыз

ИИМ: Чагымчыл маалыматтарды тараткандар кылмыш жоопкерчилигине тартылат

Кыска кабар | 17 Дек 2020 | 536 | 0

Ички иштер министрлиги аймактар, улуттар аралык кастыкты козуткан маанидеги материалдарды даярдагандар жана тараткандар кылмыш жоопкерчилигине тартыларын эскертет.

Министрликтин маалыматына караганда, президенттик шайлоого карата үгүт өнөктүгү башталганына байланыштуу, WhatsApp жана башка социалдык тармактарда чагымчыл материалдарды тараткан фактылар орун алууда.

Буга байланыштуу, ИИМ аймактык бөлүктөрү менен биргеликте чагымчыл материалдарды тараткандарды аныктоо боюнча иштерди жүргүзүп жатат.

Аймактар, улуттар аралык кастыкты козуткан маанидеги материалдарды тараткандар Жазык кодексинин 313-беренесине (расалык, этникалык, улуттук, диний же аймактар аралык кастыкты козутуу) ылайык кылмыш жоопкерчилигине тартылат.

ИИМ мындай фактылар болсо 102 кызматы аркылуу маалымдап коюуну, мыйзамды билбегендик жарандарды кылмыш жоопкерчилигинен бошотпой турганын эскертет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM